www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-июлдан тарта Россияга келгендер үчүн милдеттүү түрдө колдонулуучу эки апталык обочолонуу токтотулат. Бул тууралуу  РИА Новости жазып чыкты

Чет элдик жарандардын орус же англис тилинде коронавирустун белгиси жок деген тесттин жыйынтыгын көрсөткөн документи болушу зарыл. Тест Россияга келерге чейинки үч күндө тапшырылышы керек.

Россиялыктар тапшырган анализинин жыйынтыгын көрсөтө алат же үйүнөн анализ тапшырышат. Эгерде РФке келген жаран тест тапшырган эмес болсо, анализ тапшырууга үч күн убакыт берилет.

Роспотребнадзор буга чейин 13 мамлекетке авиабайланыштарды жандандырууну сунуштаган болчу. Тизмеге Германия, Италия, Улуу Британия, Польша, Дания, Финляндия, Венгрия, Нидерланддар, Норвегия, Кытай, Шри-Ланка, Вьетнам жана Монголия мамлекеттери кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости