www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери Казакстанга пневмония көп катталып жаткандыгына байланыштуу ооруну изилдөө үчүн келишет. Бул тууралуу маалыматты ДССУнун жетекчиси Кэролайн Кларинваль билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, буга чейин Кытайдын Казакстандагы элчилиги өз сайтында Казакстанда жайылып жаткан белгисиз пневмониядан сак болууга үндөгөн билдирүү жарыялаган. Анда пневмониядан өлүм коронавируска салыштырмалуу көп катталып жаткандыгын кошумчалаган. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы белгисиз пневмония жөнүндө маалыматты четке каккан, ал эми ДССУ пневмониянын келип чыгышынын себеби COVID-19 деп божомолдогон.
"Менин оюмча, шашылыш жыйынтык чыгарууга болбойт. Ооба, июнь айынын башында пневмонияга кабылгандардын саны көбөйгөн жана бизге абалды жөнгө салуу тапшырмасы берилген. Саламаттыкты сулак: актоо министрлиги дагы муну менен иш алып барат. Мындай билдирүү ЖМКнын көңүлүн бурду. Бирок биз жыйынтык чыгаруудан мурун ага жетиштүү деңгээлде анализ жүргүзүшүбүз зарыл", - деген Кларинваль.
Булак: NazarNews.kg