www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда окуучулар арасында коронавирус жуктургандардын саны өстү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Быйыл сентябрь айында 7-17 жашка чейинки балдардын арасында 48 учур катталган. Октябрь айында 315 учур катталып, 6,5 эсеге көбөйдү. Ал эми 1-декабрга карата 320 учур катталды.
Айнура Акматованын айтымында, окуучулар арасында вирус жуктургандардын өсүүсү алардын мектепке баруусу менен байланыштуу эмес. Бардык катталган учурлар үй шартындагы абалга байланыштуу болгон.
Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 75 миң 690го жетти. Каза тапкандардын жалпы саны 1301, айыккандар 67 миң 873тү түзүүдө.
Булак: NazarNews.kg