www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Дагы 295 адамдан илдет аныкталды

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус жуккан жаңы 295 учур катталды. Анын ичинен 169 адамдан коронавирус табылса, 126 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, оору эң көп 65 жаштан жогору адамдар арасында катталууда, башкача айтканда, 100 миң калкка 1 560 учур туура келет.

Акыркы сутка ичинде Бишкекте коронавирус 68 адамдан, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 87, Ош облусунда – 13, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 56, Жалал-Абад облусунда – 34, Баткен облусунда 15 кишиден табылган.

Ал эми акыркы сутка ичинде 473 бейтап илдеттен сакайып чыккан.

Бишкекте – 126, Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 118, Ош облусунда – 44, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 68, Баткен облусунда 34 киши.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкек шаарында - 3, Ош облусунда - 1.

Учурда стационарларда коронавирустан 2 миң 426 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 256 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 6 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 12, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 986 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 695 медкызматкер айыгып чыкты”, - деди Акматова.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 75 миң 690 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 67 миң 873 киши айыгып чыкса, 1 миң 301 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости