www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Айнура эже, акыркы мезгилде мектептен мечит көп салганыбыздын коомдо таасири байкала баштадыбы?

--Ар бир айылга бирден мечит салгандай, бирден мектеп салсак кана? Мечиттер негизинен сырттан келген акчаларга салынганы жашыруун эмес. Бирок, дин саясатында системалуу мамлекеттик саясатка, модернизацияга муктаж экенин пандемия көрсөттү. Дегеле дин иштерин иреттегенге мезгил келип жетмек турсун, аша чаап кеткенибиз байкалды. Билимге негизги басым коюшубуз керек. Тез арада бутуна турган өлкөлөрдүн баары билимге басым жасаганын эске алып, биз да мектептен жана билимден каражат аябашыбыз керек.

--Билимге ынтызар жаштар окуй турган мектептер жетиштүү эмес деген маалыматтар айтылып калат. Бүгүн чын эле  мектеби жок, окуудан азап чеккен айылдар барбы?

--Албетте бар. Мектептердин жетишсиздигинен, элдин мектеп салып бергиле деген талаптары азыр да күчүндө. Эскилиги жетип, жараксыз болуп калган мектептер бар. Эң чоң көйгөй - мектептердин жетишсиздиги дейт элем. Анткени, совет маалында курулган айрым мектептер чекесинен урап, авариялык абалга кептелди. Чүй районундагы Т.Оңолбаев атындагы мектеп 1929-жылы самандан салынган. Окууга мүмкүн болбой калганда, окуучулар ФАПтын эки бөлмөсүнө көчүшкөн. Ал мектепте кошуна айылдардан келип, жөө-жалаңдап окугандары да бар. Эптеп билим алып жаткан окуучуларды көргөндө,  жүрөк ооруйт. Эптеген окуу болуп аткан жерде билимдин сапаты кайдан болсун деп кыжаалат болосуң. Бул эскилиги жеткен мектептин айланасындагы абал. Ал эми Каракеев атындагы мектеп 95 % бүтүп, "долгострой" болуп токтоп турат. Эл 5 жылдан бери бүтүп, окууга берилет деп күтө берип тажады. Ошол мектепти бүтүрүп беришсе, эл үчүн да, билимге ынтызар жаштар үчүн жакшы болот эле. Негизи билимден, мектептен акча аябаш керек. “Мектептен үнөмдөгөндөр, келечекте түрмө салышат” деп айтканы бар Германиянын мамлекеттик ишмери  Отто фон Бисмарктын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости