www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Кеңешбек Айтикеев өзүнүн Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына  күзүндө боло турган парламенттик шайлоо тууралуу юилдирүү жазып чыкты.

“Урматтуу мекендештер! Сиздер менен октябрь айында өтүүчү Жогорку Кеңештин шайлоосу жана референдумга коюлуучу " Бизге кандай башкаруу керек" деген темада ой бөлүшкүм келди.

Эгерде, чындап эле башкаруу системасын референдумда аныктай турган болсо, анда референдумда кабыл алынган система менен конститутцияны өзгөртүүгө, ошол өзгөртүлгөн конституция боюнча Жогорку Кеңешке, Президенттике шайлоону өткөрүүгө туура келет. Ошондуктан, октябрь айында өтүүчү Жогорку Кеңештин шайлоосун убактылуу токтото туруп, референдум өткөргөнүбүз оң. "Бизге кандай башкаруу керек", ушул жөнүндө демилге көтөрүп жүргөн топтор, мисалы, президенттик, парламенттик, аралаш, элдик курултай, ушул топтор ар бири өздөрүнүн конститутциялык мыйзамын иштеп чыгышып, референдумга алып чыгышса, эл кайсыл башкаруу системасын тандаса, ошол система менен Жогорку Кеңештин, Президенттик шайлоолорду өткөрүп, мамлекетти туура жолго салсак дурус болор эле. Болбосо бара турган багытыбыз жок, камгактай тоголонуп жолубузду таппай адашып келе жатабыз.

Эгер туура көрсөңүздөр бийликтен Жогорку Кеңешке шайлоону токтотуп, ('Бизге кандай башкаруу керек") референдум өткөрүүнү талап кылсак. Башкаруу системасын тактап алып, алга жылганыбыз оң болор. Балким, сиздер да ой кошуп, толуктап бир пикирге келип, маселени убагында көтөрүп, бара турган багытыбызды туура жолго салып алсак жакшы болор эле”,-деп Кеңешбек Айтикеев жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости