www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өз өлкөсүн жек көргөндөрдүн басымдуусу – жаштар”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Сөгүнгөн кыз... Ойлонто турчу маселе...маселе эмес көйгөй! Балким, идеологиялык коллапс! Сөгүнгөн, "мырк", "сасык" деп өз өлкөсүн жек көргөндөрдүн басымдуусу - жаштар! "Келечек - жаштардын колунда!" деген трафарет сөзүбүз да бар эле...Улуу муун бир кесим нанга топук! Коомдун деградациясы...Баалуулуктун жоктугу... Идеологиянын алсыздыгы... Фактор көп. Айтор, баарыбыз бир силкинбесек болбой калды...”-деп Айнура Аскарова жазган.

Эске сала кетсек, 13-апрелде Кыргызстанда Өзгөчө кырдаал учурунда милияция кызматкерин жаш кыз сөгүп, сабаган видео-тасмасы социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулукта кызуу талкууга алынган. 

Ал видео-тасмадан, карантинди бузган жаш кызга милиция кызматкерлери эрежени түшүндүрүүгө аракет кылганда, ал каршылык көрсөтүп, милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, кыргыз элин оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости