www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы Чернобыл атомдук электростанциясынын аймагындагы токойдо чыккан өрт 1986-жылы жарылуу болгон төртүнчү блокко жакындап калды. Жалындын жайылып баратканын NASA – FIRMS сайтынан көрсө болот. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

13-апрелдин кечинде жалын өндүрүштүк аянттагы былтыр курулушу бүткөн жабууга жетти. Жалын мурдараак өзөктүк ишкананын батыш тарабынан каптап жатса, эми түштүк тарабында да учкун тутанды. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги Киевдеги расмий булактарына таянып жазды.

Өрт 1986-жылкы апааттан кийин ээн калган Припять шаарына жана андан эки чакырым жердеги радиоактивдүү калдыктар сакталган жерге жакындап калганын жергиликтүү экологдор кабарлашты.

Бир апта ичинде жалын 3000 гектардай аянтты каптады. Аймакта радиациянын деңгээли жогорулады.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобылдагы атомдук станцияда жарылуу болгон. СССР жетекчилиги бул кырсыкты оболу жашырып-жаап, кийин бул каргашанын айынан 31 киши өлгөнүн билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча анда 9000дей киши каза тапкан. «Гринпис» уюму болсо кырсыктын кесепети 200 миң кишинин өмүрүн алган деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости