www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда маңзат аткезчилиги менен алектенген ооган жаранын колго түшүрүү операциясына катышкан Хатлон облусундагы Хамадони райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, төрт милиция кызматкери жана үч дарыгер карантинге алынды.

Бул тууралуу Куляб аймактык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Садриддин Гаюров билдирди. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия Жаңылыктары жарыялады.

«Алардын баары операция маалында өлтүрүлгөн аткезчинин денесин жана буюмдарын кармагандыктан, үч жумалык карантинге алынды. Ал жаран коронавирус инфекциясын жуктуруп алган болушу мүмкүн», — деди Гаюров.

Ооган-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн адамды колго түшүрүү операциясы 10-апрелге караган түнү болгон. Анын жүрүшүндө Ооганстандын 50 жаштагы жараны милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, атып өлтүрүлгөн. Анын жанынан 16 килограмм маңзат табылган.

Расмий маалыматтар боюнча Ооганстанда 1,5 миңден ашык адам коронавирус жуктуруп алган. Тажикстан COVID-19 инфекциясынын жайылуу ыктымалдыгынан улам марттын ортосунда Ооганстан менен чек арасын жаап, соода мамилелерди токтоткон.

Тажикстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган адамдар жок экенин билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости