www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" талаштуу мыйзамга 23-августта кол койду. Күчүнө кирген мыйзам сөз эркиндигине кандай таасир этиши мүмкүн? 

Аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова мыйзам тууралуу туура эмес маалыматтар тарап жатканын айтып, түшүндүрдү. 

--"Механизми ушул: электрондук почтасы, аты-жөнү (автордун-ред.) болот, адам жалган маалымат деп кайрылса, маалыматты чыгарган автор аны 24 сааттын ичинде өчүрүп коюшу керек. Интернет провайдерлерге да кайрылышы керек. Өчүрбөсө сотко, тиешелүү органдарга (нааразы тарап – ред.) арыз жазат.

Сайттарды жаап коет экен деп жазып атышат, жок, ошол жалган маалыматты алып коюу боюнча кайрылат. Эгер 24 саатттын ичинде алынбаса, жалган маалымат боюнча териштирүү жүрөт. Конституциянын 29-беренесинде “Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, абийирине жана ар-намысынын корголушуна укуктуу. Кыргыз Республикасынын адамынын ар-намысы абсолюттук жана кол тийгис” деп даана көрсөтүлүп турат.

Ошон үчүн Кыргызстандын ар бир жараны анык эмес (жалган) маалыматтан корголуусу керек. Эч ким, эч качан бирөөнүн аброюна, ар-намысына, кадыр-баркына жана анын эл алдындагы абийирине шек келтиргенге жана жалган маалыматты чыгарып, таратууга укугу жок. Бул Конституцияда жазылган.

Азыркы учурда бир адам бир нече аккаунттарды ачып алып эле саясий, жеке, башка буйруктарды алып, жалган маалыматтарды таратып, айрым адамдарды бүтүндөй элге жаман көрсөтүп же жакшы көрсөтүп атат. Адамдын өмүрүнө коркунуч алып келген учурлар да катталып атат.

Качан гана ар бир адам өзүнүн айтканына жооп бергенде ачык демократиялык коомду кура алабыз деп эсептейм. Бул мыйзам сөз эркиндигине эч кандай чектөө кылган жок. Тескерисинче, интернет айдыңында ачык-айкындыкты камсыздоо максатында кабыл алынды", - дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости