www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай сөз бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында айтылды. Белгилүү журналист Улукбек Бабакуловду депутат Айнуру Алтыбаева провокатор деп атап, буларды айтты: “Урматтуу кесиптештер! Журналист Улукбек Бабакулов «Люди как звери» деген аталыштагы макаланы “Фергана.ру” сайтына жазыптыр. «Ким айбан? Ким сарт? Сарт деген сөз – бул билген кишиге адамды кемсинтүү. Бул сөз Оштогу кандуу окуяда балдарынан ажыраган энелерге катуу тийет, анткени алардын көз жашы азыркыга чейин кургай элек. Анын үстүнө Оштогу кандуу окуянын күнү жакындап келатат. Дал ошол датанын алдында жазылып атат бу макала. Бул кимдир бирөөнүн заказы, же?.. Бул макаланы тартип коргоо органдары текшерип, ага өз баасын бериш керек! "

Айнуру Алтыбаеваны депутат Мурадыл Мадаминов  колдоп, “керек болсо андай журналистти Кыргызстандын жарандыгынан чыгарып салуу керек!” ,- деди.

Белгилүү журналист Улукбек Бабакуловго кайрылып, анын да жообун беребиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости