www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кырсык адам жашоосун бир заматта таптакыр башка нукка өзгөртүп жиберет. Мындай оор бурулушка наристе кезинде кабылган Ширин учурда эки колунун азабын тартып жашайт. Андай болсо да аракетчил кыз мектепте жакшы окуган окуучулардын катарында. Көзүнө жаш алган эне кызы тууралуу баяндап берди.

Тун наристебиз кыз экенине абдан кубанып, жолдошум экөөбүз атын Ширин деп койгонбуз. Ширин кызыбыз менен жашообуз маңызына чыгып, эл ичинде тиричилигибиз уланып жаткан. Тилекке каршы, тынч жашообузду күтүүсүз кырсык бир заматта таптакыр башка нукка буруп салды. 2009-жылдын жай айы эле, жолдошум экөөбүз тең иштегендиктен, беш жашка чыга элек кызыбызды салкын деп айылга таята-таенесиникине жибергенбиз. Эч нерседен бейкапар жүргөн бир күнү айылдан телефон чалып: «Тез келип кал”,- дешти. Кызым тууралуу деги эле жаман ойлогон жокмун. Дароо эле апам ооруп калса керек деп болжоп, токтолбой жетип бардым. Барсам Ширинди Камаз тебелеп кетип, Талас шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калыптыр. Эне үчүн баланын кырсыкка кабылганынан өткөн кыйын нерсе жок экен, угуп нес болуп калдым. Кызымды көрөйүн десем, ал жактын дарыгерлери тартипти катуу сактайбы, айтор, макул болушкан жок. Ыйлап-сыктап кызымдын амандыгын тилеп гана отурдум.

Бир билгеним, ал жактан Ширинге катары менен беш жолу операция жасалды. Көп өтпөй алар бизди Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасына жиберишти. Бишкекке келгенден кийин гана кызымдын эмне болгонун көрдүм. Наристем эки колунан тең ажырап калыптыр.

Ата-энем айылда чоң жолдун боюнда жашашчу. Айылдагы кичинекей балдар жолдун четинде ойношчу эле. Ошол каргашалуу күнү да Ширин балдар менен жолдун боюнда ойноп жаткан экен. Камаз келе жатканда балдардын баары жолду кесип чуркап качышса, кичинекей кызым чуркап жетише албай Камаздын алдында калыптыр.

Көчөнүн ортосу экенине карабай Камаз жогорку ылдамдыкта айдаган экен. Кызымдын эки колун тебелеп, арт жагын сүрүп кетиптир. Бишкекке келип эки колу жок абалда көрүп заманам куурулду. Бул жактагы дарыгерлер колун кеспей сактап калууга мүмкүнчүлүк бар болгонун, жаңылыштыктан кесилгенин айтышты. Ошондой эле Таластын дарыгерлери артынын сүрүлгөн жерин тазалабай топурак, таш бойдон тигип коюшкан экен.

Бишкектен кайра анын баарын сыйрып, кызымдын артында сөөгү эле калган. Байкуш кичинекейим көрбөгөн азап калган жок, ошол боюнча айлап ооруканада жаттык. Жолдошум экөөбүздүн бир бутубуз ооруканада, бир бутубуз үйдө болуп калды. Анан кызымдын ден соолугу үчүн Таластан көчүп, Бишкекте жашап калдык.

Кызымды сүзгөн айдоочу күнөөсүн мойнуна алган. Апам: «Бул кырсык, айдоочуну каматып жибергенде болбойт», - деп алар менен келишип, ал дарылатууга кеткен чыгымдарды төлөп берген. Бирок кызымдын колун кайрый албадык. Бир колу чыканагынан, бири андан ылдыйыраак кесилген.

Алгач ирет 6-7 жашында колуна протезди Украинадан салдырганбыз. Кийин ал батпай калып Германиядан салдырдык. Азыр кызым 13 жашка чыкты, чоңоюп, ал протези да батпай калды. Ширин борборубуздагы №83 мектепте 4-классты бүттү. Ден соолугунун айынан мектепке эки жыл кеч барган.

Эки колун бириктирип сулуу жазып, мектепте жакшы окуучулардын катарында. Бирок кызым чоңойгон сайын колунан тартынып көчөгө көп чыкпай колун бекитип, элден корунчу болду. Көчөгө чыкканда да аны ыңгайсыз абалга калтырып баары карай беришет, андайда ого бетер чүнчүп кетет. Колу кесилген кыз баланын тагдыры оңой болбосун ойлоп, мен да санааркап жашайм. Ширинден кийин дагы эки балалуу болгонбуз. Учурда мен балдар менен үйдөмүн, жолдошум жалгыз иштейт. Таластан келгени үйгө жетпей, батирден батирге көчүп жашап жүрөбүз. Күйөөмдүн жалгыз тапканы батир акысына, тамак-аш менен балдардын кийим-кечесине түтпөйт.

Кызымды сүзгөн Камаздын айдоочусу: «Аларга батир алып бергем», - деп айтат экен. Андан улам айылдаштарыбыз биздин кыйын жашообузду билбей, Бишкекте жыргап жашагандай көрүшөт. Кызыма учурда кайрымдуу адамдардын колдоосу керек болуп турат. Каражат болсо, колуна протез салдырып алсак жакшы болот эле. Протез болсо кызымдын жашоосу бир топ жеңилдемек. Өзү абдан аракетчил кыз, мен жокто бөбөктөрүн карап, аларга чай бергенге жарайт.

Орозонун күнүндө элибизден жардам сурайбыз.

Шириндин апасынын байланыш телефондору: 0702 03 13 14 жана 0700 96 44 83

Булак: "lady.kg"

Последние новости