www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Айпери, көп жылдан бери Россияда жашап, тайманбай, курч пикирлериңди да айтып келесиң. Учурда Россияда карантинден кийинки жашоо кандай болууда?

--Иштеген адамдарга билинбегени менен жумушсуз мекендештерибизге аябай кыйын болду. Орозо айында ишкерлердин демилгеси менен азык-түлүк таратканбыз. Жардамга өтө муктаж, үй-бүлөсү менен келип алып, баары иштебей жатып калгандар бар экенине күбө болдук. Ошол учурда көпкө дейре телефон чалуулар токтобой турду.

Санкт-Петербург шаарында да активист мекендештерибиз колунда бар мигранттардан акча чогултуп, жардамга муктаждарга көмөктөштүк. Менин уулум да, кызым да өзүбүз менен чогуу болгондуктан, мектептен, бала бакчадан бир айда эки жолудан жардам алып жатабыз. Учурда кызым бекер бала бакчага барууда.

Баса белгилей кетчү нерсе, кыргыздар батир алып жашайбыз да. Орустар дагы мындай учурда жеңилдиктерди жасап (мисалы, 35 миң батирге төлөсөк, 18 миңге түшүрүп), ал жагынан да жардам беришти. Кээ бир колунда бар мигранттар квартирасында иштебей калган мекендештерди акысыз жашатып, кыргыздар кыйла ынтымактуу, биримдикгүү экенибизди түшүндук.

--Үй-бүлө жагынан аксап, талаада калган кыз-келиндерибиз да жок эмес экен...

--Ар кандай үй-бүлөлөр кездешип калат. Айрымдардын балдарын караганга акыбалы жок, бар-жоктун ортосунда жашап, балдарына татыктуу тарбия берүү бул жакта турсун, эне мээримин берилип төкпөй, «эптеп эле күн өткөнү эсеп» деп чоңойтуп жатканын көрүп, ал эмес мен тагдырга нааразы болуп кетем...

Жакында бир окуяга аралаштым. Бири эки жаштагы, бири курсагандагы кыздарын атасы «кыздар мага керек эмес! Сага керек болсо бак, болбосо ташта» деп талап койгон. Эне байкуш «өмүр бою жүрөгүм эзилип өтүшүн каалабайм. Аш жесем аш, таш жесем таш жеп чоңойтом» дейт байкуш. Бирок, балада эмне күнөө? «Эгер менин кыздарымды багып, жардам берчүлөр болсо турмушка чыгат элем, кыйналдым» деп мага кайрылды.

--Жардам берчүлөр чыктыбы?

--Ал келиндин аябай кыйналганын көрүп, өзүмдүн батириме киргизип алгам. Көз жарарда төрөтканага жетише албай, батирден өзүбүз төрөтүп алдык. Анан «тез жардам» келип, алып кетти. Азыр акыбалы жакшы, кызынын кыркы чыгайын деп калды. Питерде мекендештерге жардам берген агаларыбыз убакыт таап келип, «ал келиндин документтерин тууралап, айына төлөнө турган жөлөк пул чыгарып берем» деп сөз берди. Буюрса, жакшы жагына чечилип жатат.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости