www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова коомдогу азыркы абал тууралуу өзүнүн орчундуу пикирин жазып чыкты. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.
"Кээ бир котур ташы барларга Кудай берип, түшүнгөн-түшүнбөгөнү да эксперт болуп, табылбай калды. Президентте эмне күнөө?
Ар ким ээлеп турган кызматына жооп бериши керек. Уюштуруүчу аппарат, Саламаттыкты сактоо министрлиги, “СГО”, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штаб дегендер жооп берсин!
Президент бир киши. Коопсуздугун, ар намысын сактап, коргоп, мүмкүнчүлүк түзүп бербесек ал күнөөлүү эмес да. Ар-намыска шек келтирген, оозго алгыс сөздөр менен талкуулашып, теңтушундай бетин жуубагандар тебелеп жатса, ушул мусулманчылыкка же мыйзамга жатабы?! Биротоло тебелеп салдыңар! Кудайдан корккула! Тарбиясыздык. Бул сөз эркиндиги, демократия эмес! Сабырдуу киши унчукпашы мүмкүн, бирок Кудай түрдүү сыноо менен жазалап жатат. Эсиңерге келгиле. Ниети өзүнө жолдош болгондор, каалайсыңарбы же каалабайсыңарбы мыйзамдуу Президент!
Үч жылдан кийин жасаган ишине өзү жооп берет. Кутургандар, сабыр кылып, аткарган ишин күткүлө. Өрттөнүп, куйкалансаңар дагы чыдайсыңар.
Башыңардан ылдый, оозуна келген сөздөр менен мазактап, айтпаганды айтып, ишке келбей, жумалап бар-жоктун ордунда, сулап жаткандарга да 6 жылдап эч ким кыңк эткен эмессиңер! Туура эмес дегенди, жомок токуп камап салганга да чыдап, унчукпагансыңар.
Боло берет экен, унчукпайт экен деп шымаланып чыгып алдыңар. Сабырдуулукту коркоктук деп түшүнбөгүлө. Падышанын коргой турган Кудайы бар. Ушуну унутпагыла. Баштан ылдый атала куйганды токтоткула, бай болгурлар! Өлкөбүздө берекебиз, ынтымагыбыз кетип, башчыларга жасаган мамиленин кусуру, оозу, ниети бузуктардын кесепети уруп жатат. Экөө сыртка кетти, бирөө камалды. Бирөө жөн жатпай улам жыландын башын чыгарып, куйсупурлук кылып, түрдүү билдирүү таратып коюп олтурат.
Мыйзамдуу президентти да жөн койбойбуз же иштегенин көргүбүз келбейт. Эптеп эле айып издемей, мен кыйратам деген эле адамдар. Тообо кылып, жыйынтык чыгарып, пейилди оңдобойлубу? Шайлоого даярданып, бийликке умтулгандар, утуп келип, жардам бергиле бийликке!
Короновирус жок, спектакль, жок короновирусту жок дары менен дарылашты деген куйсупурлук сөздөр менен элди тунжураган туңгуюкка такап, карантинден араң чыккан элдерди эки ача ойго түрткөн, оппозиция болумуштардын оюна жооп болуп туура болду ушул окуя.
Кудай карап турат. Бул дүйнө жүзүнө келген апаат. Ар ким ар түрдүүчө өткөрүп жатат. Кудайдын берген сыноосун, апаат вирусту жөн койбой шылдың кылып, эрежелерди сактабай демократия деп тоготпой көчөгө чыгып алдык эле. Кудай көзүбүзгө сайып көрсөтүп койду, тообо кылгыла. Ар бириңер өзүңөрдү сактагыла. Президентти сыйлабай, оозуңардан ак ит кирип, кара ит чыгабы, Кудай жазалады кайра. Коронавирустун карантинине кирип, кайра олтуралы эми.
Какшанып, пейилди оңдобой, эки сөзүңөрдүн бири митинг, акцияга чыгуу. Мурдун аарчый албаган 5-6 кыз-уландарды Ак үйдүн алдына ажылдатып чыгаргыла. Гендердик теңчилик деп ызылдайсыңар, адам ар кандай нерсени өз пейилинен табат. Пейлибизди оңдобосок, жамандыкты аңдыганды, чукулашмайды, бири-бириңе жалаа, көө жапканды, бөлүнүп-жарылганды токтотпосок эки баштуу Президент келсе да ушул абал болот. Ушундай “Сүмбүлдөр” чулгап, маскара кыла берет. Ошондуктан Президент мындан чечкиндүү жыйынтык чыгарып, шылтоо менен чөйрөсүндө жөргөлөп жүргөн, билимсиз, чечкинсиз, өлүмүш “Сүмбүлдөрдөн” тазаланып албаса болбой калды. Кудаяр хандын балдар-кыздары бар болсо да, жакшы бар деп жолго салыш керек. Сабырдуулуктун да чеги болот!", - деп жазган Нарматова.
Эске сала кетсек, 23-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө үчүн Москвага барган. Бирок биздин өлкө башчынын аппараты менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус аныкталгандыктан, Президент өзү Парадга катышпоону туура көргөн. Кечээ, 24-июнда Президент делегациясы менен Бишкек шаарына кайтып келген.
Булак: NazarNews.kg