www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш бүгүн, 24-мартта кезексиз жыйынга чогулду. Саат 15:00дө башталган жыйында 3 токтом долбоору каралды.

Алар:

- Бишкек шаарына:

- Ош облусунун Ош шаарына жана Кара-Суу районунан;

- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу.

Депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында бул токтомдор кабыл алынды.

Кыргызстандын 3 шаарында жана 3 районунда өзгөчө кырдаал абалы эртең, 25-мартта саат 08:00дөн тарта башталат. Коменданттык саат — 20:00дөн тарта 07:00гө чейин созулат.

Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу Жарлыктарга кол койгон. Мындан соң документ парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости