www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өтүп жатат. Анда депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү кол койгон жарлыктар кабыл алынды.

Депутат Жанар Акаев өзгөчө абалда жарандарга кандайдыр бир жөлөк пул катары жадам берүү шарт экенин билдирди.

“Мына Казакстандын өкмөтү жарандарга 1 500 млн жөлөк пул берип жатат. Биздин 500 жаранга жок дегенде 50 миңден жөлөк пул бериш керек. Анткени алар күн сайын иштеп, нан менен чай көтөрүп барчу да. Азыр аларда киреше жок. 100 миңдеген квартиранттар бат. Аларды азыр кожоюну чыккыла деп, кууп чыкса каяка барат? Ошого силер документтерди алып келсеңер, биз катар-катар кабыл алып берсек”,-дейт депутат.

Мындан сырткары, депутат Коронавируска каршы күрөшүү штабына канчалаган акча чогулганын, бирок, аларды эч ким иштетпей жатканын айтты. Анын айтымында, врачтар атайын кийими жок, бет кабы жок отурушат. Ошол чогулган акчага алып берилиши шарт. Ошондой эле, ал Кытайдан ачык эле жардам сурашыбыз керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости