www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Республикалык штабда Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берип, 2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталган.
Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.
Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).
🚨Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;
6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;
14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;
Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.
Жаӊы аныкталган 26 учур төмөндөгү район-шаарлардын аймактарында аныкталган:
🚩Сузак районунда – 9
🚩Ала-Бука районунда – 2
🚩Ош ш. – 8
🚩Кара-Суу районунда – 1
🚩Ноокат районунда – 6
Бардыгы болуп Ош облусунда – 15 учур жана Жалал-Абад облусунда – 11 учур.
Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:
🏥Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада
🏥Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында
🏥Ноокат аймактык ооруканасында
🏥Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында
🏥Баткен облустук бириккен ооруканасында
🚨Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө).
Булак: NazarNews.kg