www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай бийлиги 25-марттан тартып Хубэй провинциясы карантинден толук чыгарыларын билдирди. Эми аталган провинцияда жашаган, дарыгерлер кандайдыр бир тыюу салбаган жарандар башка аймактарга бара алышат.
Ал эми таажылуу вирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарында карантин 8-апрелде жоюлат. Учурда оорунун жуктургандардын саны азайып, абал жакшыра баштады. Аймактагы окуу жайлар жагдай толук жөнгө салынмайынча ачылбайт.
Кытайдын борбору Бээжинде тескерисинче 25-марттан тартып чектөө чаралары күчөтүлүп жатат. Ага ылайык, шаарга сырттан келгендердин баары милдеттүү түрдө эки жумалык карантинде болушат жана алардан тест алынат.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Кытайда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 81498 болсо, каза болгондордун саны 3274гө жетти.
2020-жылдын 23-мартына карата COVID-19ду жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча 372миңдин тегерегинде болсо, каза болгондор 15 миң кишини түздү. Вирус дүйнөнүн 200 өлкөсүнө тарады.
Булак: NazarNews.kg