www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режими жана Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна коменданттык саат киргизилгендигине байланыштуу бул аймактардын коменданттары ММК өкүлдөрү үчүн күнүгө брифинг өткөрүп турат. Өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын киришине байланыштуу өлкөдө түзүлгөн кырдаал жана анын экономикага тийгизген кесепетин азайтуу боюнча актуалдуу суроолорго жооптор берилет. Брифингдер онлайн режиминде өтөт. Коменданттардын  онлайн брифинги күн сайын болот.

- Бишкек шаары 09.00до Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө өтөт. Ал ЭЛТР, КТРК, «Ала-Тоо 24», Пирамида, Ош ТВ, Ынтымак ТВ телеканалдарында,  Биринчи радио, Кыргыз радиосу, Миң кыял фм, Эл фм радиостанциялары аркылуу, ошондой эле «ЭлТР Маалымат» Ютуб каналында жана Фейсбуктагы «МТРК "ЭлТР" баракчасында түз эфирде берилет. 

- Ош облусу саат 10.00до ЭлТР, ошондой эле «ЭлТР Маалымат» Ютуб каналында жана Фейсбуктагы «МТРК ЭлТР» баракчасында түз эфирде берилет. 

- Жалал-Абад облусу 11.00до облус аймагында Жалал-Абад Медиаборбору (мурдагы ЖТР) телеканалына, ошондой эле «JAMEDIA» Ютуб каналына жана Фейсбуктагы «Жалал-Абад Облусунун Медиаборбору» баракчасына түз эфирге чыгат.

Суроолорду төмөнкү WhatsApp номерине же электрондук почтага жиберсеңиздер болот: 

Бишкек шаары: 0312  62 22 63 номери боюнча, [email protected];

Ош шаары: WhatsApp номер 0773053665, [email protected];

Жалал-Абад шаары: WhatsApp номер 0773005737, [email protected].

Мындан тышкары күнүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын брифинги күнүгө ар кандай темада өтүүдө. Аны ЭЛТР, КТРК, Ала-Тоо 24, Пирамида, Ош ТВ, Ынтымак ТВ телеканалдарында, Биринчи радио, Кыргыз радиосу, Миң кыял фм, Эл фм радиостанцияларында, ошондой эле «ЭлТР Маалымат» Ютуб каналында жана Фейсбуктагы «МТРК "ЭлТР" баракчасында түз эфирде берилет. Бул брифингдердин өтө турганы боюнча билдирүүнү Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү алдын ала айтууда. 

Эскерте кетсек, коменданттык сааттын кириши менен медицина кызматкерлеринен, атайын кызматтардын өкүлдөрүнөн башкасы Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунун аймагында жүрүүгө тыюу салынган. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу убактылуу киргизилген чектөөгө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. 

Республикалык штаб, Бишкек шаарынын, Ош облусундагы Ош шаарынын, Ноокат районунун жана  Кара-Суу районунун,  Жалал-Абад облусундагы  Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун комендатуралары өлкө аймагындагы айрым шаарлардагы, райондордогу өзгөчө абал учурунда дайым өтүп жаткан брифингдер жана расмий билдирүүлөр аркылуу өлкө калкын такталган жана ыкчам маалыматтар менен камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди жасап жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости