www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Германия өнүктүрүү банкынан (KfW) 22 миллион евро кредит, 5 миллион евро грант алуу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 20-февралда кабыл алынган болчу.
Аталган мыйзамдын биринчи этабында Кыргызстан 9 миллион евро грант алган. Ал эми экинчи этабында 22 миллион евро кредит, 5 миллион евро грант алынары күтүлүүдө. Насыя 12 жылга берилет, жеңилдетилген мөөнөтү — үч жыл.
Мындан сырткары, маалыматта Экономикалык кызматташтык боюнча Швейцария мамлекеттик катчылыгынан грант түрүндө үч миллион Швейцария франкын алуу пландалып жатканы айтылат.
Булак: NazarNews.kg