www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Айыл банк» ААК жана «РСК банк» ААК пенсионерлердин жана мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүнүн улуттук тутуму бюнча акчалай каражаттарды алуусу учурунда алардын картасы боюнча комиссиялык төлөмдөрдү албайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма өз кызматы билдирди.
Аталган норма Кыргыз Республикасынын аймагында оротулган өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими учурунда иштейт.
Ошентип, «Айыл банк» жана «РСК Банк» ААКтын терминалдары боюнча «Кыргыз почтасынын» бөлүмдөрү аркылуу пенсия берүүдө комиссиялык төлөм алынбайт.
Алыскы калктуу конуштарда жайгашкан шаймандарды кайрадан оңдоо үчүн убакыт талап кылынгандыктан, айрым учурда комиссиялык төлөм алынышы мүмкүн. Төлөм автоматтык түрдө алынса, комиссиянын суммасы мүмкүн болушунча тез арада кайрадан кардардын эсебине түшөт.
Булак: NazarNews.kg