www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларуссия россиялыктардын коронавирусту аныктоочу тесттерин сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу Tut.by порталына ТИМдин башчысы Владимир Макей билдирди.
“Биз Россиянын эки компаниясы менен 30 миң тест алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканбыз ... бирок бул сүйлөшүүлөр токтоп калды. Бирок бизге азыр бул тесттер деле кереги жок. Биз тесттерди өзүбүз чыгарабыз жана башка эки өлкөдөн дагы 50 миңге жакын тест алдык”,-дейт министрликтин башчысы.
Анын айтымында, Россия Беларусияга гуманитаржык жардам катары 10 миң тест-система жиберген. Бул тесттерди Минск шаары алып, региондорго жөнөткөн.
“Албетте биз ыраазыбыз, бирок 10 миң тест 2,5 күнгө эле жетет. Күн сайын биздин өлкөдө 4 миңге жакын тест тапшырылат”,-деп баса белгиледи.
Анын айтымында, азыр Беларуссияга россиялык тесттердин кереги жок жана алардын эффективдүүлүгүнө шек санап жатышат.
Булак: NazarNews.kg