www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын паспортунун жарактуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим өкмөттүн токтомуна ылайык кабыл алынган. Буга байланыштуу эгер чет өлкөдөгү мекендештердин паспортунун мөөнөтү 1-январдан 30-декабрга чейин болсо, анда ал документ 31-декабрга чейин жарактуу деп эсептелет. Сөз 2006-жылкы үлгүдөгү, ошондой эле 2004-жылдагы ID-паспорт тууралуу болуп жатат.

Натыйжада жарандар 4-октябрдагы шайлоого катышып, добуштарын бере алышат.

Белгилей кетчү жагдай, мындай паспорттун ээлери 31-декабрга чейин документтин мөөнөтүн узартуу үчүн өздөрү жашаган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигине кайрылуулары керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости