www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан» саясий партиясынын жоопкерчилигин жана аны парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароо жөнүндө сунуш Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) колдоо тапкан жок. Бул тууралуу сунуштун демилгечиси, БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдобогондуктан, сунуш жыйындын күн тартибине кирбей калганын билдирди.

Жогорку Кеңештин спикери, аталган партиянын тизмесинде шайлоого аттанган Дастанбек Жумабековдун жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу маалымат негиз болгон. Абдырахматова Жумабеков кызматтык макамынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептеп, жогорудагы сунушту киргизген болчу.

Эске сала кетсек, Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары жумушчу сапар менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүмдүк катары берилгени расмий кабарланган.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости