www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев ТҮРКСОЙдун "Чыңгыз Айтматов" медалы менен сыйланды. Бул тууралу ТҮРКСОЙдун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Элчиге медалды Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов тапшырган. Ошондой эле ага белек катары атайын жасалган куттуктоо тактасы (плакет) жана ТҮРКСОЙ тарабынан жарык көргөн Каныбек Иманалиевдин "Кыргыздар" китеби берилген.

"Элчилик имаратында болгон жолугушууда Дүйсен Касеинов сөз сүйлөп, бул барктуу медаль Кубанычбек Өмүралиевдин 60 жашка толгондугуна байланыштуу берилип жаткандыгын белгилөө менен ага чын жүрөктөн чыккан каалоолорун жолдоду. Анын айтымында, Кубанычбек Өмүралиев элчи катары ар дайыма ТҮРКСОЙдун маданий иш-чараларын колдоого алып келет. Ошондой эле кези менен дүйнөлүк масштабдагы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду даңазалоо иш-чараларын уюштуруп жүргөнү ырас. Маселен, үстүбүздөгү жылы элчилик тарабынан Анкара шаарынын Кечиөрен аймагына Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулуп, чоң деңгээлде ачылыш аземи өткөрүлгөн", - деп билдирет ТҮРКСОЙ уюму.

Өмүралиев ТҮРКСОЙ жамаатына туулган күнү менен куттуктагандыгы жана Чыңгыз Айтматов медалын тапшыргандыгы үчүн чоң ыраазычылыгын билдирген.

Белгилей кетсек, салтанатка Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчисинин кеңешчиси Айбек Акаев мырзалар катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости