www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊештин бүгүн, 17-майда өтүп жаткан жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматын угуу жол-жоболору улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
3-күнү талкууланып жаткан бул маселе боюнча бүгүн ошол кездеги КР Тышкы иштер министрлигинин орун басары Аскар Бешимов модернизация боюнча түзүлгөн келишим тууралуу оюн ортого салып, бир дагы эл аралык келишимде концелярия деген түшүнүк жазылбагандыгын, дипломатиялык мамилени эки мамлекет элчиликтери, консулдуктары аркылуу жүргүзүлөөрүн белгиледи. Мындай пикирге кошулбаган КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев концелярия элчиликтин түздөн-түз түзүмдүк бөлүмү экенин айтты.
Депутат Марлен Маматалиев бул жерде бир эле ЖЭБди жаңылоо боюнча маселе болгондугун, аны жаңы-эски деп бөлгөнгө болбостугун айтты. Депутат Салайдин Айдаров Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо техникалык надзор эмне үчүн кытай тарапка берилген деген суроосуна түзүлгөн EPC-контрактын талаптары ушундай болгонугу жооптолду.
Депутат Айсулуу Мамашева Бишкек ЖЭБи боюнча EPC-контрактык негизде түзүлгөн келишимге ким кантип кол койгон деген суроону кабыргасынан коюп, 386 млн долларды кайра эле ТВЕА компаниясы бөлүштүрүп, тиешелүү жабдууларды дагы ТВЕА компаниясы сатып алгандыгын сынга алды.
Жыйын жүрүшүндө депутат Чыныбай Турсунбеков модернизациялоо боюнча Кытайдын СМЕС компаниясы дагы сунуштарын бергендигин бирок ал Кытай тараптан колдоо болбогондугун КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевден тактады. Бул маселе боюнча Тышкы иштер министринин ошол кездеги орун басары Аскар Бешимов Кытай тараптын СМЕСти колдогон каты ТИМде бар экенин белгиледи.
Депутат Садык Шер-Нияздын пикиринде, акыйкаттык болуш үчүн ТВЕА компаниясы менен иштешкен 5 премьер-министрдин баары модернизация маселесин талкуулоого катышуусу зарыл.
Депутат Бакыт Төрөбаев модернизациядан кийин Бишкек ЖЭБинин кубаттуулугу 146 мВаттка гана көбөйгөндүгүн, ага чейин ата мекендик көмүрлөр пайдаланылат деген убада аткарылбай жатканын тизмектеп, модернизациялоодон кийин оң жыйынтык чыкпай калгандыгын билдирди.
Суроо-жооп күндүн экинчи жарымында улантылат.
Булак: NazarNews.kg