www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Башкы прокурор, Азимбек Бекназаров КР Президенти Сооронбай Жээнбековго КАЙРЫЛУУ жазды. Төмөндө текст толугу менен:

Кыргыз Республикасынын Президенти      

С.Ш. Жээнбековго

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттарына

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу депутаттар!

Акыркы күндѳрү «Атамбаев менен Жээнбековдун «согушу башталды» деген саясий толкундан кийин, Жогорку Кеңеш «жаңы кожоюндун» тапшырмаларын кыйшаюсуз аткарып, тез эле Атамбаевдин жоокерлери болгон А. Сегизбаев, И. Жолдубаева,  С. Исаков ж.б. томолото чабышты. Бишкек ТЕЦи боюнча коррупциянын бетин ачып нечендеген депутаттар, премьер-министр, министрлер актанып, карганып жаткан кез. Алибетте бул башталгычтарды колдоо керек.

Бирок эмнегедир Жогорку Кеңештин депутаттары бир топ маселелерде ѳздѳрүнүн да саясий күнѳѳлѳрүн мойнуна алуунун ордуна С.Жээнбеков менен жаңы эле депутат болуп келгендей бир беткей Атамбаев жана анын эң жакындарына гана чабуул жасап, коомчулуктун кѳзүн боемолоп жаткандай кадамдарга барууда. Бул бизди кооптондурат.  Атамбаевдин 7 жылдык жеке хандык заманында улуттун, мамлекеттин, мыйзамдуулуктун, айрым жеке инсандардын ар намысына, аброюна шек келтирген:

    - Кумтѳр алтын кени боюнча түзүлгѳн коррупциялык келишимди ким коргоп, бузбай келет?

    - А. Батукаевди ким ѳлкѳдѳн чыгарган?

    - Дача Суудагы кырсык кимдин жүгү үчүн болду?

    - Буюрутма, жасалма кылмыш иштердин жана сѳз эркиндигине болгон кысымдын артында кимдер турган?

    - 2010-жылдын 7-апрелинен кийин козголгон кылмыш иштердин алкагында камакка алынган жана улутташтырылган обьектилер, баалуу кагаздардын тагдыры эмне болду?

    - Терең анализденип иликтенбей кол коюлган жана ратификация, айрымдары кийин денонсация болгон Камбар-Ата ГЭСке окшогон ондогон эл аралык келишимдердин зыянын ким тѳлѳйт?

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциядан кийин бир жыл ѳтпѳй Атамбаевдин жеке авторитардык режими орноду. Эми болсо С.Жээнбековдун кландык башкаруусу пайда боло баштаганын Жогорку Кеңештин депутаттарынын жоруктарынан байкала баштады. Мунун себебинин тамыры эмнеде? Бул максатта реформалар болобу? Кыргызстандын жалпы эли тарабынан шайланышкан Президент, Жогорку Кеңеш элге отчет берүүнү ойлойбу? Партиялык коррупциянын уюткусу болгон Максим Бакиевдин тобу орнотуп, Убактылуу Ѳкмѳт уланткан Жогорку Кеңешти 100% партиялык тизме менен шайлоо системасы ѳзгѳрѳбү?

Урматтуу Президент, Урматтуу депутаттар жогоруда айтылган маселелер боюнча биз президенттен жана Жогорку Кеңештен 2018-жылдын 1-ноябрына чейин конкреттүү жоопторду, иш аракеттерди күтѳбүз. Туруктуу Элдик Кеңеш (ТЭК) аны колдогон айрым саясий, жарандык уюмдардын катышуусу менен 2018-жылдын күз айларында ѳтѳ турган Элдик Курултайда бул маселелер негизги болуп, жообун Президентибиз С. Жээнбековдун бир жылдык отчету катары уккубуз келерин расмий билдиребиз.

Кайрылуу ТЭКтин 2018-жылдын 14-майындагы жыйынында кабыл алынды.

ТЭКтин тѳрагасы               А. Бекназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости