www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги жаш депутат айымдардын бири Айсулуу Мамашева депутат болгондон кийин жашоосунда жакшы өзгөрүүлөр көп болду. Дегеним турмушка чыгып, кыздуу болуп, учурда бактылуу турмуш кечирип жаткан чагы. «2017-жыл жашоомдогу эң бактылуу жыл болду», - деген депутат жылдын жаңырышы менен гезитибизге кенен маек куруп берди. Кыргызстандагы бай адамдардын биринин кызы болгону менен, байдын кызымын деп бой көтөрбөй, дайыма жөнөкөйлүгүнөн жазбаган Айсулууга ичимден ыраазы болуп кайттым.

- Айсулуу, Жаңы жылың менен! Жаңы жылды кандай тостуң?

- Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам эмеспи, андыктан ар бир үй-бүлө сыяктуу эле мен да үйдө үй-бүлөм менен тостум. Балалуу болгондон кийин кичинекей бала менен эки жакка чыкпаганга аракет кылат экенсиң. Андыктан ашыкча эч жакка чыккан жокпуз, болгону атамды, бир туугандарыбызды куттуктап келдик. Саат он экиге жакын үйгө келип, кызыбызды уктатып коюп, жолдошум экөөбүз тостук.

- Артка кылчайып карасаң, 2017-жыл сен үчүн кандай жыл болду?

- 2017-жыл мен үчүн эң ак жолтой жыл болду десем болот. Анткени 2017-жылы мен эне болдум. Кыздуу болуп  бакытка чөмүлгөн жыл болду. Эне болуу сезимине башка бир да сезим тең келе албайт экен. Мурда башка нерселерди бакыт деп ойлоп жүрүптүрмүн. Көрсө, чыныгы бакыт аялзатынын эне болгондогусу экен. 2017-жылдын май айында ширин кыздуу болдум. Кызым учурда сегиз айга толуп, кылыктары чыгып «ата», «апа» деп бизди кубандырып турган учуру.

- Жогорку Кеңешке депутат болгондон кийин турмушка чыктың, кыздуу болдуң, депутаттык ишиң аксап калып же терс таасири тийген жокпу?

- Жок, жашоодо баары өз жолу менен боло берет экен. Кош бойлуу учурумда деле иштеп жүрдүм. Ошол учурда биздин фракциянын лидери болгон Өмүрбек Чиркешовичке байланыштуу жагымсыз окуялар болуп кетти. Абдан сарсанаа болуп, жүрөгүм кысылып, кош бойлуу кезимдин акыркы учурлары оорураак болуп калды. Интернетке качан кирбейин жагымсыз жаңылыктар көп болуп кетти. Андыктан интернетке кирбегенге аракет кылып жүрдүм. Балалуу болгондон кийин энелик сезим ойгонуп, мээрим күчөйт экен. Ал учурда жагымсыз жаңылык окусам, жүрөгүмө жакын кабыл алып ыйлагым келип жүрдү. Ушул жагынан эле кыйынчылык болуп, стресс болдум. Жогорку Кеңеште декреттик эс алуу төрөгөнгө чейин 40  күн, төрөгөндөн кийин 40 күн. Мен майда көз жардым, көп өтпөй жайкы эс алуу болуп калды. Кызым билгендей туура убакытта төрөлүптүр деп калам. Ошентип октябрь айында кызыма беш ай болгондо жумушка чыктым.

- Кызыңды кимге караттың, бала багуучу жалдадыңбы?

- Кызымды караганга апам (ред: кайненеси) жардам берди. Ошондой эле азыркыга чейин эжекем жардам берип келет. Мен аларга гана ишенип таштай алам. Кызым жок дегенде бир жашка чейин эне сүтүн эмсин деп жумуштан келип эмизип турам. Бала багуучу азырынча жалдай элекмин. Мүмкүн кайсы бир учурда жалдап калармын. Азыркы учурда жакшылап издесе, ишеничтүү бала багуучулар табылат. Менин курбуларым ишенимдүү бала багуучуларды таап алып кызматынан пайдаланып жүрүшөт. Мен да убактысы келгенде көрө жатармын. Эне болгондон кийин балаңды гана ойлоп калат турбайсыңбы. Азыр жумушта жүрсөм да «кызым тамак жеди бекен, эшикке чыктыбы?» деп ойлой берем. Жумуштан келгенде мага талпынып турса өзүмдү абдан бактылуу сезем.

- Депутаттык ишти татыктуу алып кете алдыңбы?

- Абдан жоопкерчиликтүү жумуш экен. Сенин жумушуңду канча деген адамдар карап турат. Өлкөгө кандай пайда алып келе турган жумуштарды жасасам деген ой менен иштейсиң. Мен кылган ишимди сөз менен эмес, жумуш менен көрсөткүм келет. Популисттик кадамдардан алыс болууга аракет кылам. Шайланганыма быйыл үчүнчү сессия болуп атат. Онкологиялык оорукананын маселесин көтөрүп иштеп жүрөбүз. Аталган оорукана толугу менен оңдоп-түзөлдү, канчалаган жабдуулар жок болчу. Азыр аздан болсо да алынып жатат. Кумтөрдөгү акчадан 10 миллион доллар онкологиялык ооруканага бөлүндү, дагы керектүү жабдуулар алынат. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда өлүмдөрдүн себеби боюнча биринчи орунда жүрөк оорусу турса, экинчи орунда рак оорусу турат. Көп мамлекеттердин арасында рак оорусу биринчи орунга чыкты. Бул абдан жаман көрсөткүч. Биз эгерде азыр онкологиялык ооруканага көңүл бурбасак, эртең кеч болуп калат. Андыктан алдын алыш керек. Ушул маселени биринчи күндөн баштап көтөргөнбүз. Учурда рак оорусу менен ооругандар дарылануу үчүн чет өлкөгө барып атышат. Ошону Кыргызстандан дарылана тургандай шарт түзүшүбүз керек.

- Депутат болгондон кийин турмушка чыктың, жолдошуңду Жогорку Кеңештен жолуктурдуңбу?

- Жолдошум менен депутат болгонго чейин эле таанышкам. Биздин үй-бүлөлүк досубуз болгон Любовь Владимировна аттуу эжекебиз бар. Ал бир күнү мага: «Жакшы бала бар, таанышкың келеби?» - деп жолдошум менен тааныштырган. Бизде бир көрүп жактыруу сезими болду. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүп кеттик. Бир жылдан ашык сүйлөшүп жүрүп баш кошуп калдык. Турмушка чыгуу жоопкерчиликтүү кадам, бирок мен чоң ишеним менен кадам таштадым. Экөөбүз жакшы үй-бүлөлөрдөн боло алабыз деген ой менен жашоону баштадык. Сүйлөшүп жүргөндө урушпай, бири-бирибизди урматтап, сыйлап жүргөнбүз. Жашообуз ошол нукта уланып кетип атат. Жолдошум - банк кызматкери.

- Сенин карьераңа кандай карайт, айрым эркектер аялынын лидер болуусун каалашпайт эмеспи?

- Мен үчүн ушул нерсе эң негизги болчу. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө эле: «Мен аялынын өскөнүн көрө албаган эркектерди түшүнбөйм», - деп айтып жүрчү. Ошол көз карашы жаккан. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө депутаттыкка ат салышам деген оюм бар болчу. Мен депутат болгондон кийин колдоо көрсөттү. Азыр эң биринчи колдоочум, фанатым жолдошум. Өзү даанышман адам, мага туура кеп-кеңештерди берип турат.

- Мурда кеңешчиң атаң эле, эми жолдошуң болуптур. Атаң менен жолдошуңдун окшош жактары барбы?

- Ооба, окшоштуктар сөзсүз түрдө бар. Кээде сүйлөгөн сөздөрүн да окшотуп коём. Жолдошумдун мага болушуп, коргоп турганы атама окшош. Азыр жанымда таянар адамым бар. Атам да сарсанаа болбойт, күйөө баласына толугу менен ишенет. Дайыма жолдошума: «Кызым да сендей жакшы адамга жолукса», - деп айтып калам. Жашыбыздын айырмасы беш жаш.

- Атаң Турусбек Чукуевич үй-бүлө курду эле, балалуу болуп калгандыр?

- Атам кыздуу болгон, сиңдим Малика учурда бир жарым жашка чыгып калды. Бир учурда атам, сиңдим Асел болуп үчөөбүз жашасак, эми биз турмушка чыгып, атам үйлөндү, баарыбыз кыздуу болдук. Учурда баарыбыз бактылуу жашап жаткан учурубуз. Биз да атамдан көңүлүбүз ток. Анткени атамдын жубайы ушунчалык жакшы адам. Сиңдим Асел экөөбүз: «Атам жакшы адамга жолукса», - деп Кудайдан тилечүбүз. Атамдын жубайын «эжеке» деп айтабыз, эжекебизге дайыма ыраазыбыз, маанайы ачык, жайдары адам.

- Атаңдын колунда чоңойдуң, ашканада кандайсың?

- Биз бала кезден баарын жасап чоңойгонбуз, ашканада тамак-ашты толугу менен өз колум менен жасайм. Мен үй ээси тамакты өзү гана жасашы керек деп, тамакка өзгөчө көңүл бурам. Бирөөнүн колунан жасалган тамактарды көп жебейм. Биздин рестораныбыз бар болсо да, тамакты үйдөн өз колубуз менен жасап жечүбүз.

Динара Чокоева

Булак: "lady.kg"

Последние новости