www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ахматбек Келдибековдун илимий диссертациясы жарабай калды деген сөз ушак. Ишин так аткарбай, сөз бурмалаган журналистерди сотко берүү керек”,- дейт Кыргыз экономикалык университетинин илим боюнча проректору Көбөгөн Атышов. Айта кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы торагасы Ахматбек Келдибеков докторлук ишин кафедралык деңгээлден гана жактап баштаган. Анда ага диссертациялык эмгекти оңдоп түзөтүүдө сунуштары айтылган. Бул боюнча кененирээк биздин кабарчы айтып берет.

“Жогорку Кеңештин мурдагы торагасы Ахматбек Келдибеков доктордук диссертациясын жазган. Анын темасы "Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын базар экономикасы шартындагы социалдык-экономикалык натыйжалуулугу” деп аталат. Аны талдоо былтыр жайында кафедралык деңгээлде гана өткөрүлгөн. Диссертация Кыргыз экономикалык университетинде каралып, ага 10дон ашпаган адам катышкан. Биринчи баскычта бардык мындай эмгектердей эле илимий иш оңдоп түзөтүүгө жөнөтүлгөн”. Бирок айрым маалымат булактар аны жарабай калыптыр деп бурмалап жазып чыгышкан.

Мындан тышкары кээ бир басылмалар депутат экономика илимдеринин доктору болуу үчүн илимий ишти 15 миң долларга сатып алган жана диссертацияны караган адамдарга акча таратты” деп жазышкан. Мунун чын-төгүнүн жокко чыгарган, диссертациянын илимий жетекчиси Элмира Жумалиева, белгилүү саясатчыны каралоо максатында болуп жатканын кошумчалайт.

Адистер Келдибековдун иши өлкө экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошо турганын айтышат. Мындан улам  эмгекти белгилүү ишмер жазгандыктан эле эптеп элге жаман көрсөтүүнүн ыкмасы катары пайдаланып, жалган маалыматтарды тараткандарды жазага тартуу сунуштары айтылууда.

Маалым болгондой, докторлук диссертацияны жактоо оңойго турбайт. Ал үчүн бир топ убакыт талап кылынып, илимдин кандидаты бир нече баскычты башынан өткөрөт. Эң маанилүү баскыч болуп, акыркы жактоо күнү эсептелет.  Ага чейин жөн гана даярдыктар көрүлөт дешет адистер.

Учурда Ахматбек Келдибеков диссертациясы боюнча кафедралык кароодогу кошумчалоолорду ишке ашыруу үстүнөн иштеп жатат. Ал эми илимий иш бардык этаптардан өтүп соңку жыйынтык чыгууга дагы эки жылдай убакыт зарыл.

Каныбек Темиров 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости