www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курамасы Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтөт.

"Эл аралык лицензиялык мелдештерге даярдануу үчүн Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөлөрү 26-ноябрдан 12-декабрга чейин Стамбул шаарында (Түркия) машыгуу өткөрүшөт", - деп билдирет агенттик.

Дүйнө кубогуна катыша турган балбан кыздар:

1. Айсулуу Тыныбекова – 62 кг;

2. Айпери Медет кызы – 76 кг;

3. Мээрим Жуманазарова – 68 кг;

4. Нураида Анаркулова – 57 кг;

5. Назира Марсбек кызы – 59 кг; 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости