www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдин учурунда баар тапкан Жапаров эмнегедир ордун жууганды жакшы көрөт окшойт. 2007-жылы октябрда Атамбаев “Данакер” орденин алып премьерликтен кеткен соң, анын ордуна Акылбек Жапаров премьер-минитсрликке сунушталат. Акылбек Үсөнбековичке өкмөт башчысы болсун деген Указ чыктыбы же чыкпадыбы, кызмат ордун майлап жатып калат. Ошол учурдан пайдаланып Алмазбек Атамбаев сарбагышка премьерди берсең, эртең бийлик талашат деп от жага коюп, Жапаров премьерликтен кур калат. Быйыл октябрдагы төңкөрүштө да Асылбек Жээнбеков менен куда болом деп жулунуп жүргөн Акылбек Жапаровко президенттин кеңешчиси орду берилет. Жапаров инисин түрмөнүн ачендигинин орун басары кылып дайындап, ордун майлаганы кетип жок болот, келсе кызматынан бошоп калыптыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости