www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад ОИИБ: Милиция профилактикалык иштерин улантууда

Жалал-Абад облусунун аймагындагы ШРИИБдер тарабынан кылмыштуулуктун жана коронавирустун алдын алуу багытындагы жумуштар тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бул туулауу аталган мекемден билдирди.

Облус аймагында күн суук мезгилдерде окуучулардын мектепке барып келүүлөрүн көзөмөлгө алуу керектиги ата-энелерге эскертилүүдө.

Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Кара-Көл шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, алар менен позитивдүү маектешүүлөр орун алып жатат. Бул сыяктуу жумуштар жергиликтүү бийлик жана билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, имамдар, ата-энелер комитеттеринин мүчөлөрү жана жаштар менен биргеликте уюштурулууда. Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине, мекенине, жаратылышка болгон сый урмат мамилелерин арттыруу багытында лекциялар окулуп, патриоттуулукка үндөгөн жана коронавирустан сактанууга чакырган видеоматериалдар көрсөтүлүп жатат.

Милиция кызматкерлери өспүрүмдөр арасында эрте никеге туруунун терс жагдайлары тууралуу маалыматтарды да беришүүдө. Турмуштун ар кандай оор учурларын сабырдуулук менен жеңүү керектиги айтылып, өспүрүмдөргө дем, күч берилүүдө. Ошондой эле учурдагы жугуштуу илдетке байланыштуу бардык жарандар санитардык нормаларды сактоо керектиги эскертилүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости