www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция браконьерчиликке каршы рейд жүргүзүүдө.

Мамэкотехинспекциядан билдиришкендей, 20-25-ноябрь күндөрү рейд Токтогул суу сактагычында жана Чүй өрөөнүндө жүргүзүлгөн. Рейд учурунда Токтогул суу сактагычына салынган 2 миң метрден ашык тор алынып, жок кылынган. Аны менен бирге 3 жаранга мыйзамсыз балык уулагандыгы үчүн 3 миң сом айып салынып, балык запастарына келтирилген зыян үчүн 3 миң 535 сом доо келтирилген.

Азыркы тапта Мамэкотехинспекция Чүй жана Жалал-Абад облустарында мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд жүргүзүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости