www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда өзүн оппозициялык деп атап жүргөн Жалпы улуттук социал-демкоратиялык (ЖУСД) партия 10-январга белгиленген парламенттик шайлоого бойкот жарыялоону чечти.

27-ноябрда өткөн партиянын кезексиз съездинде төрага Асхат Рахимжанов шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгени менен абал өзгөрбөгөнүн айтты. «Ошол эле эрежелер, ошол эле партиялар… Буга байланыштуу алдыдагы шайлоолорго бойкот жарыялоого чакырам», — деди Рахимжанов.

Съезддин делегаттары бул сунушту колдоп, партиянын атынан талапкерлерди чыгарбоо чечимин кабыл алышты.

Белгилей кетсек, Рахимжанов ошондой эле шайлоого байкоо салуудан баш тартуу керектигин билдирди. Бул маселе боюнча азырынча акыркы чечим кабыл алына элек.

Төрага мындан тышкары Францияда жашап жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовдун билдирүүсүн сынга алды. Ал ноябрдын ортосунда тарапташтарына кайрылып, аларды ЖУСДнын катарына кошулууга жана алдыдагы парламенттик шайлоодо ага добуш берүүгө чакырган. Ал мындай жол менен «Нур-Отандын» жеңишин камсыздоого умтулган аткаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттерин ашкерелөөгө болот деп эсептейт.

Эске салсак, 2016-жылы өткөн акыркы парламенттик шайлоодо Жалпы улуттук социал-демократиялык партия жети пайыздык босого чектен өтө алган эмес. Расмий маалыматтар боюнча партия шайлоочулардын 1,18% добушун алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости