www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 1-апрель күнү өзүнүн Instagram баракчасындагы тарыхчасына турмушка чыгып жатканын айткан эле.

Ал Инстаграм баракчасына: “Олимпиада оюндары жылып кеткендигине байланыштуу 2020-жылы турмушка чыгам. Ал балбан эмес. Баары мени колдойт деп ойлойм. COVID-19га байланыштуу үлпөт той болбойт”, - деп жазган.

Буга байланыштуу Азия чемпиону Дарья Маслова “куттуктуайм, братан”,-деп билдирүү калтырган.

2-апрель күнү кечинде Тыныбекова бул 1-апрелге байланыштуу тамаша экендигин айтып, түз эфирде катталуучуларынын суроолоруна жооп берген.

 

Лотлт- Качан турмушка чыгасың?

-  Ушул жылы анык турмушка чыкпайм. Турмушка чыгуу менин негизги максатым эмес. Кечээ досторум менен бир аз тамашалашайын дегем. Бирөөнү иренжиткен болсо, кечирип койгула.

 - Күйөөгө чыккыңыз келеби?

- Эгер мен күйөөгө чыккым келсе, эчак эле чыкмакмын. Мага сунуш айткандар болгон жана болуп жатат. Эгер менин максаттарым болбосо, эбак эле күйөөгө тийип кетмекмин.

- Сага кандай жигиттер жагат?

- Негизгиси жакшы адам болушу зарыл: чынчыл, абийирдүү, тарбиялуу. Башкысы билимдүү болсун. Мага жаккан жигиттер бул планетада жок (күлүп жатат).

Атабек Азисбеков сиздин жигитиңизби?

- Жок, иним. Ал дагы балбан.

- Келечекте өзүңүз зал ачкыңыз келеби?

- Абдан каалайм. Бирок мен азыр спортчумун. Анын үстүнө анчалык каражат менде жок. Олимпиаданы утуп алсам, буюрса, ошондо ачып калышым мүмкүн.

- Сизге белекке берилген батир эмне болду?

- Бул батирдин тегерегиндеги кырдаалды өзүңүздөр билесиздер. Бул тууралуу сүйлөгүм келбейт. Менин жашай турган жерим бар. Ошол жерде буга чейин жашап келгенмин, жашай берем,-дейт Айсулуу Тыныбекова.

Эске сала кетсек, 2019-жылы мамлекет Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлүү батир белекке берген. Кийинчерээк Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги белекке берилген батир кызматтык туракжай экендигин маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости