www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Индонезиянын Батыш Жава аймагында катуу жамгыр жаашы жол ачкан сел 100 000ден ашуун кишиге тескери таасирин тийгизди.Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирүүдө.

Аймактын борбор шаары Бандунгда жекшемби күндөн бери катуу жааган жамгырлар 7 аймакта селдин жүрүшүнө себеп болду.

Суу ташкындары 101 644 кишиге тескери таасирин тийгизгендиги жана үйлөрү зыян тарткан 3298 кишинин эвакуациялангандыгы билдирилди.

Жалпы аймакта селден жабыр тарткандарды эвакуациялоо улантылууда.

Белгилей кетсек, Борбор шаар Жакарта менен Депок, Бекаси жана Тангеранг шаарлары менен бирге Богор жана Лебак аймагында жаңы жыл кечесинде катуу жамгыр жаашы себеп болгон сел жана жер көчкүлөрдө 60тан ашуун киши каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости