www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиясында коронавирусту 2000ге жакын адам жугузуп алды жана анын ичинен 20дан ашууну көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар билдирүүдө.
Мындай жоготуудан улам өлкө бийлиги Мекке жана Медина шаарларына 24 сааттык коменданттык саат киргизди. Башында коменданттык саат түшкү үчтөн таңкы алтыга чейин гана болчу.
Ошондой эле падышалык кыйчалыш кырдаалга байланыштуу дүйнө мусулмандарын ажылык сапарга барууну пландабай турууга чакырды.
Негизи быйылкы ажылык сапары июль айынын аягында башталмак. Жыл сайын бул маалда Жер жүзүнөн эки жарым миллиондой мусулман Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барат.
Эске сала кетсек, Сауд Арабиясы башка мамлекеттердей эле вирустун алдын алуу максатында февраль айында эшигин жапкан. Бирок, чектөө киргиче барып алган жарандар вирусту жуктуруп алууга үлгүрүштү. Кыргызстанда да биринчи жуктурган 3 жаран кичи ажылыктан келген.
Булак: NazarNews.kg