www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Сенатору Марта Максалли Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДССУ) башкы директору Тедрос Гебрейесусту Кытайга коронавирус жөнүндө маалыматтарды жашырууга жардам бергендикте айтыптап, аны жумуштан кетишин талап кылды. Бул тууралуу South China Morning Post жазып чыкты.

“Мен эч качан коммунисттерге ишенген эмесмин. Алар пайда болгон бул вирусту жашырганы үчүн Америкада жана дүйнө жүзүндөгү ашыкча өлүмгө алып келген”,-деп Максалли Кытайды да маалыматтарды сыр туткандыкта күнөөлөдү.

Максаллинин айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдын таламын талашып, өзүн “жоопкерчиликсиз жана уятсыз” алып жүрүүдө жана Пекин жок дегенде АКШнын Кытайга болгон  карызын кечүүсү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости