www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айсулуу Тыныбекова дүйнө  боюнча  биринчи орунда

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону  Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи бойдон калды. 

Буга чейин  Африка чемпионатынын жыйынтыгы менен Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) балбандардын рейтинги жаңыланган. Бирден сегизге чейинки орунга жетишкен спортчулар упай топтоп, рейтингдеги ордун жогорулаткан.

Тыныбекова килемге чыкчу 62 килограмм салмак категориясы боюнча жети спортчу кыз менен күч сынашып, натыйжада Тунис өлкөсүнөн барган Марва Амри Африка чемпиону болуп, 18 упайга ээ болгон эле.  Мындан улам ал рейтингдин 9-сабына көтөрүлдү. Күмүш медаль жеңип алган нигериялык Аминат Аденийи 16 упай алып, тизмеде 10-орунду ээледи.

UWW рейтинги жаңылангандан кийин да кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова мурдагыдай эле биринчи орундан түшкөн жок. Ал Нур-Султандагы дүйнө чемпионатынан алтын медаль утуп лидерликке чыккан. Учурда Тыныбекова 76 упайга ээлик кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости