www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Мамлекеттик тилдеги көптөгөн терминдердин автору болосуз. Айтсаңыз тил реформасын жүргүзүү канчалык кажеттүү?

- Мамлекеттик тил комиссиясына 2004-жылы Президенттин указы менен тилчи жана юрист катары, айрыкча аскердик, укуктук жана саясий терминдер жагынан даярдыгы бар адис катары киргизилгем. Өз убагында, мамлекеттик комиссиянын мүчөсү жана соттор, укук коргоо, аскердик, күч түзүмдөрүнүн мекеме аралык тил жана терминдер комиссиясынын төрагасы кезимде, жогорудагы түзүмдөргө кирген 23 мекемелердин жетекчилерин, алардын орун басарларын, тил боюнча адистерин чогултуп, пикир такташып, илимий конференцияларды өткөрүп, Коопсуздук Кеңештин атайын отурумунда талкуулаганга жетишкенбиз. Улуттук комиссия бекитип, колдоого алынгандан кийин, Ички аскерлер аталган мекемелерден биринчи болуп мамлекеттик тилге өтүшкөн, биздин тажрыйбага таянып, кийинчерээк башка түзүмдөр да өтө баштаган. Мамлекеттик тилди Кыргызстандын ар бир атуулу бийик деңгээлде алып жүрсө жана жакшы колдоно билсе бүгүнкүдөй тилдик көйгөй жаралбайт эле.

Булак: "Факты.kg"

Последние новости