www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-февралда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Разаков Жеңиш Парпиевичтин отставкасы кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулду" деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган.

Алгач, айрым такталбаган маалыматтар боюнча Жеңиш Разаков бошоткон вице-премьер-министрлик кызматка Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев дайындалышы мүмкүн делген. Андан кийин учурдагы өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун ысымы айтыла баштады.

Эгерде мындай боло турган болсо анда чек ара маселесинде алдыга жылыш боло тургандай эмес дешүүдө социалдык тармактагы комментаторлор. Айтсак, Акрам Мадумаров чек арадагы абалды басаңдатуу же аны чечүү боюнча ысымы деги эле чыкпайт. Бирок, эл агартуучуларды “галстуксуз ишке келесиңер”,- деп жемелеген сөзү калың элге тарап, коомдо ур-тепкиге алынгандыгы бар. Андан сырткары, Мадумаров кайсыл бир маанилүү жыйында уктап калгандыгы объективге түшүп, интернет колдонуучуларынын сынына коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости