www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-майда Ислам тилектештик оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Анда 58 килограммга чейинки чен бирдикте Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова финалда үй ээсинин спортчусу менен кез келип, аны 5:2 эсебинде утуп алды.

Тыныбекова бул жеңиши менен Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына төртүнчү алтын медалды алып келди. Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 4 алтын, 4 күмүш, 7 коло медаль бар.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 13-май күнү Индиянын Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда финалга чыгып, индиялык спортчу Сарита менен кез келген. Тыныбекова 6:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалды жеңип алган. Муну менен ал экинчи ирет Азия чемпиондугун багынтты.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва

Последние новости