www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын атагын алыска чыгарам деген кыргыздын уул-кыздары аз эмес. Алды спорт тармагында өзүн көрсөтүп келе жатса, айрым ууз кыздарыбыз, эл аралык уюмдар менен карым-катнаш түзүп, күчү жеткен жерге, кыргыздын үрп-каада салттарын жайылтып келе жатышат. Бүгүн биздин редакциянын каарманы Айбарча. Ал ушул тапта кыргыздын нукура колдо жасалып токулган килемдери жөнүндө айтып берди.

-Айбарча айым, колдо килем токуу идеясы кайдан келип калды. Ушул тапта колдо токулган килемдер жок десек да болот...

-Бир жыл мурун бир агам шаарга үй салып, Баткен облусуна буюртма берип килем алдырды. Ошондо кыргыз элине килемге болгон муктаждык өтө көп экенин байкап калдым. Анан эле статистиканы карап көрсөм, бизде бир жылдын ичинде 2,4 АКШ долларга Турциядан, Ирандан, Пакистандан килемдер келет экен. Демек ушундай чоң суммада килем келсе, бизге килемге болгон муктаждык көп экен деп, килем токуу идеясын ишке ашырууну көздөдүм.

Биздин жаштыгыбыз атамдын ишине байланыштуу Баткен облусунда өткөн. Так ошол 1980-жылдарда ар бир үйдө килем токулчу. Мен Баткен облусуна барып, ар бир үйгө буюртма берип ортомчу болуп гана иштеймин деп ойлодум. Бардым, эсептеп көрсөм чыгаша абдан көп экен. Тилекке каршы, көчүп кеткенибизге 25 жыл болсо, ошол 25 жылдын ичинде ар бир үйдө токулган килемдин бири жок. Болгону Баткен району боюнча эки эле айыл калыптыр Дархан менен Маргон. Аталган айыл боюнча алты эле үй-бүлөө килем токуп калыптыр. Жергиликтүү тургундардан сурасам, килем токуган каялдардын көбү Бишкекте жашайт экен. Кайра артка жол тартып, Бишкекте ошол аялдарды таап иштетип, унутулуп бара жаткан килем токуу өнөрүн кайра жанданлырамын деген ой келди. Мына ошентип бул жака келип, ушул чакан килем токуу цехин ишке ашырып иштетип баштадым.

-Колдо жасалган килемдин сапаты кандай болот?

-Килемге көбүнчө эле кыргыздын меренос койлорунун  жүнү колдонулат. Ошондой эле дүйнө боюнча эң баалуу жүндөргө киргенин баары эле билсе керек. Биз токуган килемдер дагы өтө баалуу жүндөр менен токулат. Аталган жүндү Нарындан, Таластан жана Баткендин айрым жерлеринен алабыз. Ал жүндү ала калып эле килем токуп баштабайбыз, мээнети күч, атайын жүндү жууган завод бар, аларга жуудуруп анан колдонулат. Жүн жуулуп, бизге келгенче эле 6-7 ай өтүп кетет.

-Килемдерди кооздоо үчүн түстүү боекторду кайдан сатып аласыздар?

-Түстүү боёктор Швецария менен Германиядан алынат. Анткени алардын боёктору дүйнөлүк стандартка жооп берет.

-Сиздер токуган килемдар Кыргызстанда эле сатылабы же чет өлкөлөргө да буюртма түшүп жатабы?

-Чындыгын айтканда биздин токуган килемдер өзүбүздүн эле Кыргызстандан артпайт.

-Алгачкы токулган килемиңизди канча сомго саттыңыз эле?

-Биздин килемди алгачкысын ырымдап, салтка ылайыктуу кылып  жакшы көргөн адамга белек кылганмын. Анткени буга чейинки килем токуп жүргөн апалар, ушундай жолду көрсөттү. Чынын айтканда ал килемди машинкага токуган болчук.

-Сиздердин токуган килем өтө чоң, кол менен токууда кыйынчылык жаратпайбы?

-Биздин станоктор баардык талапка жооп берет. Ошол эле убакытта колдо жасалып жаткандыгына байланыштуу көп мээнети бар. Алсак, бир килемдин 10 см токуш үчүн 3 аял эмгектенип, 3 күн токушат.

-Килемдеги оймо-чиймелерди өзүңүздөр ойлоп табасыздарбы же уурдап аласыздарбы?

-Жок албетте. Биз атайын дизайнер менен иштешебиз. Ал Кыргызстанга белгилүү дизайнерибиз Искендер Асаналиев.  Бул кишинин жасаган жумуштары Японияда, Жаңы Зеландияда батинка чыгарган заводдор колдонушат. Сиз аткан оймо-чиймелерди так ушул киши заманбап стилде чийип берип жатат.

-Килемдерди сактоо эрежеси кандай? Кир болуп калса жууганда же суу тийгенде өзүнүн сапатын жоготпойбу?

-Бул килем колдо жасалган, жүн. Кир машинага салып же ысык суу менен жууганга болбойт. Албетте муздак суу менен жана атайын жүндү жууганга жарай турган каражаттар менен жуубаса өзүнүн сапатын жоготот.

-Килем сатып алган кардарларыңыз эч кандай нараазычылык менен келген эмеспи?

-Кудай сактасын, андай боло элек.

-Жерге токуп  токуган килемге караганда станокто токулган килемдин айрымасы кандай?

-Жерде токулган килемди, килем токугандар жерге басып токушат. Кир болушу мүмкүн, же килем басылып калышы мүмкүн. Станокто олтуруп токуганга байланыштуу ылайыктуу. Таза жана токуганга ыңгайлуу болот.

-Меренос койлордун жүнүн чет өлкөдөн алдырасызбы?

-Көп дүйнө жүзүнө бардым. Ошондо килем токугандардын көпчүлүгү, меренос койлордун жүнүн Австриядан, Жаңы Зеландиядан алдырышат экен. Эң жакшысы бизде меренос койдун жүндөрүн Кыргызстандан, өзүбүздөн алабыз Бизге керектүү продукцияны өз мамлекетибизден алганга сыймыктанам.

-Учурда канча киши эмгектенет?

-Бул жерде 9 станок бар, 18 килемди токууга ылайыкташтырылган. Ар бир килемди 3 аял токуйт. Жалпы 45 киши эмгектенет. Жумушчулардын көпчүлүгүн аялдар түзөт. Килем токуган аялдар көбүнчө мурун килем токуп жүргөн аялдар. Элестетип көрүңүз, илгери Баткен облусу боюнча килем токугандар көп болсо, азыр эки эле айыл килем токуйт экен. Ошондуктан, биз бул апалардын өнөрүн алып калып кийинки жаштарга өткөрүп бербесек, бул өнөр унутулуп калат. Өнөр деген унутулбашы керек. Колумда иштеген апаларды бөпөлөп турганга аракет кылам, килем току тармагы жоголуп кетишин каалабайм.

-Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз...

-Кесибим экономист. Чет өлкөлүк уюмдарда көп эле иштедим. Көп үй-бүлөөлүүбүз. Жакында эле турмушка чыктым. Жубайым мага колдоо көрсөтүп турат.

-Сизге эркин сөз...

-Мен, бүгүн Энелер күнүнө карата алгач апамды куттуктаймын. Апам баатыр эне. Кыргызстандагы баардын Энелер бакыттын үстүндө жүрө берсин.

-Рахмат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости