www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эми гана алты жашка толгон уулумдун берилип сүрөт тартып жатканын көрүп жанына бардым:
-Уулум эмненин сүрөтүн тартып жатасың?
-Сизди, апамды жана өзүмдү деп сүрөттү мага карматты. Сүрөткө көңүл бурсам, өзүнүн жана менин жүрөгүмдү кара өң менен боёптур. -Уулум, жүрөк кызыл менен боёлот. Мына бул калем менен боёш керек. -Мен билем.
-Анда неге кара өң менен боёдуң? Ал мени айыптуу карап:
-Чоң апамдын айтышынча башкаларды ыйлаткан адамдардын жүрөгү кара болот экен. Сиз кече апамды ыйлаттыңыз го?-деди. Уулумдун сөздөрүнөн кечеги дили каралык менен аялымды урганымдан уялып кеттим. Ошентсе да сөздү буруп:
-Анда өзүңдүкүн неге кара менен боёдуң? Же сен да бирөөнү ыйлаттыңбы?
-Жок мен эч кимди ыйлатпадым. Сиз дайыма айтасыз го:«Сен кудум мага окшош болушуң керек» деп. Ошон үчүн карага боёдум…
Өзү билип билбеген абалда атасына сабак берген уулумду боорума кысып жатып оозумдан бул сүйлөм кантип чыгып кеткенин байкабадым: -Атаңа окшобо уулум…
Камчыбек Бостон, NazarNews.kg