www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын өмүр бою мамлекет тарабынан ала турганы акчасынын суммасы белгиленди. Бул тууралуу КРнын Дене-тарбия жана спорт агенттиги  кабарлады. 

Агенттиктин айтымында, КРнын Өкмөтүнүн 26-июнда чыгарган чечимине ылайык, Айсулуу Тыныбекова мындан ары ай сайын мамлекет тарабынан 20 миң сомдон акча алып турат. Мындай стипендияны бардык олимпиада чемпиондору алат. 

Эске сала кетсек, учурда Тыныбекова Кыргызстанда кыз-келиндер арасындагы жалгыз олимпиада чемпиону болуп саналат. Ал 2019-жылы Нур-Султан шаарында  өткөн чемпионтатта жеңүүчү аталып, 2020-жылы пландалган Токиодо (Япония) өтчү олимпиада оюндарга жолдомо алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости