www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги президенттик такты көздөгөн Чыпалак баатыр деген каймана ат менен белгилүү болгон Зарылбек Аликенов менен маектешип, анын тарыхты казганы, СССР тарабаганын, тарасын деген референдум болбогону тууралуу жазган макаласы боюнча баарлаштык.   

-Зарылбек, бир караганда ыр аралаш жазган макалаңда көзү ачыктыкындай бүдөмүк ойлор айтылат экен. Көзү ачыктык жайыңар барбы?

-Көзүм ачык болбосо да,  ички туюмум илгертен эле  күчтүү. Аны мени жакшы билгендер көп айтышчу. 

-СССР кулаган эмес, СССРдин курамындагы мамлекеттердин баары өз алдынча кеткени мыйзамсыз, алардын кабыл алган Конституциясы легитимсиз деген ойлор китеп окуганда пайда болдубу же түшүңө кирдиби? Же айт деген жогору жактан белги келдиби? 

-Биринчи СССРдин кулады деп анын курамындагы мамлекеттер өз алдынча кеткени мыйзамсыз деген сезим келди. Анан кандайча болгон, кантип ишке ашканынын тарыхын чукуп окуй баштадым. Мага Кожомкул деген ат койгон Шаршеке атамдын айткандары да мен ойлогон ойго дал келди. Ал да СССРди тарады деп өз алдынча эле чечим чыгарып коюшкан, чынында референдум болуш керек эле. Азыр СССРдин курамындагы мамлекеттердин Конституциясы дагы башкасы дагы легитимсиз деп көп айтчу.

Тагыраагы, биз дагы деле СССРдин курамындабыз. Аны акча алыш үчүн эле Горбачёв таратып, өз мураскорун шайлап койгон дечү. Анын айтканы менен мен китептен алган маалыматтар шайкеш келди. Тарыхчылар ушул жагын тагыраагы, биз  азыр да СССРдин курамында экенибизди  изилдесин деп мен ойлонуп отуруп макала жаздым. 

-Бул жазганыңды тарыхчылар изилдемек турсун тамаша катары кабыл алсачы?

-Мен алар күлө тургандай нерсе айткан жокмун да. Китептерди окуп изилдеп отуруп, эки айдан бери ойлонуп, фантазиямды кошуп анан макала  жаздым. Чын эле СССР кулады деп бизди алдап эле таратып жиберди да. Ошон үчүн иликтөө зарылдыгын айтып жатам. 

-СССРдин кулагыны боюнча  эмнеге казып окуп жатасың?

-Мен президент болоюн деп даярданып, программа жазып, тарыхты да казып окуп, кайдан калпыстык кеткендерин иликтеп, билейин деп аракет кылып атам да. Анан табылгаларымды макала катары жазып, аны да "Фейсбукка" жарыялап  жатам. 

Булак: NazarNews

Последние новости