www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы акыркы күндөрү айрым сайттарда жарыяланган "Ош мэри 170 млн. сомду сугунуп койгонбу" деген темада жазылган бир беткей каралоо иретинде жарыяланган маалымат тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет:

Аталган маалымат эч кандай чындыкка дал келбеген жалган маалымат же кезектеги ушак сөздөрдүн бири, ошондуктан Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы расмий маалымат берүүнү туура көрдү:

Ош шаарынын мэриясы тарабынан узак мөөнөт менен акы төлөө жолу аркылуу берилген батирлер Ош шаардык Кеңешинин чечими менен Ош шаарынын жарандарына 12 жылдык мөөнөткө берүү маселеси чечилген. Ош шаардык Кеңешинин чечими менен узак мөөнөт менен акы төлөө жолу аркылуу берилген батирлерден түшкөн акча каражаттарды өздөштүрүү мамлекеттик банктар аркылуу жүргүзүү каралган. Акциясы 100 пайыз мамлекеттин эсебинде турган “Айыл Банк” ААК менен жумуштар жүргүзүлүп акча каражаты банкта сакталууда.Ош шаардык Кеңешинин кабыл алыган чечимге ылайык көп кабатту үйлөрдөн түшкөн акча каражаты кайрадан көп кабаттуу үй куруу үчүн жумшалары белгиленген. Ошол себептен батирлерден түшкөн акча каражатын башка тармака жумшоого мүмкүн эмес, ал эми көп кабаттуу үйдү куруу иш планга киргизилип жолго коюлуп бүгүнкү күндө жумуштар жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу” жөнүндөгү мыйзамына ылайык бардык ишканалар, мекемелер, кызмат адамдары жана Ош шаарынын аймагындагы жарандар шаардык кеңештин токтомдорун анын компетенциясынын чегинде аткарууга милдеттүү деп көрсөтүлгөн. Ошол себептен бул маселеде мэрия Ош шаардык Кеңешинин чечиминин алкагында жумуш жүргүзүп жатабыз. Бугунку кунго карата 369 батир берилип,175 млн. сом мамлекеттик казынада толугу менен турат, деп билдирди Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости