www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаныш Бакиевдин идеясы ишке аштыбы?

Тээ илгери Жаныш Бакиев, "президенттин имараты Ак үйдөн бөлүнүшү керек, учурда президент менен башка тармактар бирге болуп туура эмес болуп жатат" деп, айтканы бар эле. Ал убакты мындай сунуш эч кимге жага бербегини менен бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Ырыскелди Момбеков көтөрүп чыкты.

“Инагурацияда “Атамбаев менен Жээнбеков, Жогорку Кеңешти көздөй жөнөдү” деп айтып атышат. Президенттин үйү өз алдынча болушу керек. Ал эмне квартирант беле?”, деди Момбеков жыйындын жүрүшүндө.

Эске сала кетсек, 2008-жылы Жаныш Бакиев, "президенттин кортежи калкка тоскоолдук кылгандыктан, Президенттин Ак үйүн Ысык-Көл мейманканасына кайра ремонттоп көчүрүү зарыл, президент элдерге эч качан тоскоолдук кылбашы керек”, деп билдирген.

Кыргызстан эгемендүүлүк алганы качан, депутат Момбеков айткандай, президенттин өз үйүн алигиче табыша элек.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости