www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге Кытай элчилиги "Тойота Ленд крузер-200" үлгүсүндөгү жол тандабасты белек кылган.  Бул белек эмне үчүн берилгендиги азырынча белгисиз. Бул тууралуу http://telegra.ph жазып чыкты.

Андан сырткары, башка мамлекеттин элчилиги, өзгөчө статустагы мамлекеттик обьектилерден, өкмөт үйү, мамлекеттик иш каналардан алыс аралыкта жайгашуусу керек. Бул коопсуздук маселесиндеги эреже, мамлекеттик сыр ж.б себептерди купуя кармоого негизделген. Ош шаарындагы Кытай элчилиги бул эрежени карманбай Мэр Айтмамат Кадырбаев Кытай элчилигин Ош шаардык мэриясы, Ош шаардык кеңеши жана облустук администрациянын жанынан 100 метр аралыкта катарлаш орун берип салган. 200 метр аралыкта Ош облустук ички иштер башкармалыгы бар. Мындай абал мамлекетке коопсуздук жаратат.

Айтамат Кадырбаев мындай кылыгы менен мамлекетке чыккынчылык кылган. Ал "эмгеги" 1 кызматтык унаага бааланган. Башканы кой, дүйнөнү каптаган Кытай элчилигине "шарт" түзгөн Айтмамат Кадырбаевдей мэрди желкеден сүйрөп, кызматтык ордунан ыргытыш керек болчу!

Мэр - шаардагы коопсуздук кеңешинин, күч органдарынын кол башчысы болуп саналат. Коопсуздук боюнча кеңешме жыйындар Мэриянын имаратында өтөт. Купуя отурумдарды 100 метр аралыкта жайгашкан Кытай элчилиги тыңшабай, укпайт дейсиңби? Ансыз да туш тарабы ачылган коопсуздук сакталбаган өлкөдө, Айтмамат Кадырбаевге окшош саткындар коопсуздукту дагы ачып бергенге шарт түзүп берип жатат. Буга чара көрүү зарыл!, деп жазат http://telegra.ph.

Мындай маалыматтын канчалык деңгээлде калп-чындыгы бар, экинчи тараптан тастыктама күтөбүз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости