www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мискенбаев эч кандай Апрель ыңкылабынын баатыры эмес, ал болгону алдамчы,ууру жана чагымчыбы? «Арзан баалуу кагаз»экенин ал жакында  өзү деле түшүнөбү? Биз эмне үчүн мындай суроо берип жатабыз? 17-мартта, Аксы окуясын эскерүү күнүндө Атамбаевдин офисинин алдында «сүйлө» дешкенде аны пайдаланып туруп, анан таштандыга ыргытып ийишерин Мискенбаев  өзү деле түшүнүш керек болчуда, туурабы?..

Ошондой эле го? Асылбек Жээнбековго тийишкенден кийин ал жооп иретинде «Чагымчыл» деген атка ээ болду. Эми эмне болот? Анткени, аны КСДПнын лидерлеринин бири, прсзиденттин иниси, парламенттин мурдагы төрагасы жалпы элдин алдында «чагымчыл, татыктуу адам эмес» деп атап атат. Мискенбаев да КСДПнын мүчөсү эмеспи.

Эми Атамбаев эмне кылат? Бир жолу колдонулуучу «кагаздай» Мискенбаев менен калабы, же кадыр-баркы бар, чынчыл, чечкиндүү Асылбек Жээнбеков менен калабы? Көзүбүз жетип эле турат, балким, «бутун сүрткөн соң Мискенбаевди таштандыга ыргытып салсачы? Бул «классикалык стиль»да. Жоопту 31-март күнү алабыз.

Сакен БӨРҮБАЕВ

Булак: АЗИЯnews

Последние новости